Бишкекте кызды сүзүп кеткен айдоочу 1 айдан кийин кармалды

Бишкектин Рыскулов менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу унаасы менен жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 1-сентябрда саат 3:30да катталган. Натыйжада 21 жаштагы кыз жаракат алган. Ал ооруканага жаткырылган.

Бир айдан кийин 32 жаштагы Hyundai Solaris айдоочусу кармалган. Унаа убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Related posts

Завершился государственный визит Президента Азербайджана Ильхама Алиева в Кыргызстан

admin

Бишкек шаарынын райондук аскер комиссариаттарында жана Чүй облусунун райондорунда коомдук-профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү

admin

УКМК: Балыкчыда мыйзамсыз пайдаланылган 10 гектар жер мамлекетке кайтарылды

admin

Комментарий