Депутат Эльмурза Сатыбалдиев Курманбек Бакиев менен жолукканын айтты

Социалдык тармактын колдонуучулары Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутаттар Бактыбек Сыдыков, Эльмурза Сатыбалдиевдин качкын президент Курманбек Бакиевдин сыйлуу коногу болушканын жазып чыгышкан. Төраганын басма сөз катчысы Алтынбек Деркембаев бул жалган экенин билдирген. 

Kaktus.media басылмасына бул маалыматты Бактыбек Сыдыков да четке каккан. Анын айтымында, пландалбаган жолугушууларга убактысы болгон эмес. Ал эми басылмага депутат Эльмурза Сатыбалдиев Курманбек Бакиев менен жолукканын айткан.

«Жеке мен жөнүндө айта турган болсок, мен Бакиев менен ушул сапардын алкагында жолуктум. Ал менин президентим болчу, мен анын кол алдында иштегем. Бул адамдык мамиле. Биз күнүмдүк темалар жөнүндө сүйлөштүк, бирок саясат жөнүндө эмес», — деп жооп берген эл өкүлү.

Ал ошондой эле Бакиев менен үйүндө эмес, бейтарап аймакта жолукканын айтып, бирок ал жердин атын айтуудан баш тарткан.

Related posts

Камчы Көлбаевдин өкүл атасы Азим Ройго издөө жарыяланды

admin

Жамгыр жаайт. 21-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

КР УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиев Шанхай Кызматташтык Уюмунун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин директору Уларбек Шаршеев менен жолугушту

admin

Комментарий