Чүйдө аял өзү короткон акчаны каракчыларга шылтаган деп шектелүүдө

Чүйдүн Москва районунда аял тонолгонун калп айткан. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-октябрда Москва РИИБге жаран арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2 жаранга чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, ошол эле күнү саат 12:00 чамасында анын үйүнө кирип, аялын коркутуп, 215 миң сомун жана 16 миң сомдук телефонун алып кеткенин айткан.

Аталган иш боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө каракчылык, тоноо болбогону, айтылган акчанын бөлүгү аялы тарабынан коротулганы аныкталды. 127 миң сом жана телефону катылган жер табылган.

Related posts

2024-ЖЫЛДЫН 9 АЙЫНДА КУМТӨР БЮДЖЕТКЕ САЛЫК ЖАНА БАШКА ТӨЛӨМДӨР ТҮРҮНДӨ 10 МИЛЛИАРД 37 МИЛЛИОН СОМ КОТОРДУ

admin

25-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

«Мадина» базарынын кожоюну кармалганы айтылууда

admin

Комментарий