«Дордойго» барат. 18-октябрдан тартып Бишкекте №226 автобус каттай баштайт

Бул чечим шаардын каттамдык тармагын оптималдаштыруунун натыйжасында жана тургундардын, “Дордой” соода-базар комплексинин жумушчуларынын, базарга келүүчүлөрдүн жана администрациясынын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен кабыл алынды. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Мындан кийин №226 кичи маршруттук каттам ушул эле номурдагы автобустарга алмаштырылып, аны “БЖАИ” мамлекеттик ишканасы тейлейт. Каттам Асанбай кичи районунан “Дордой” базарына чейин каттап, шаардын түштүк жана түндүк райондорун камтыйт, узундугу 28,4 чакырым, ал эми автобустардын кыймыл интервалы 7-10 мүнөттү түзөт. Каттамда 20 автобус кызмат көрсөтөт.

Транспорт департаменти ар бир жүргүнчү үчүн ыңгайлуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга умтулат, ошондой эле бардык жүргүнчүлөрдөн тазалыкты сактоону суранат. Бул чечим Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын колдоосуна ээ болду.

Related posts

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жардам сурап кайрылган муктаж үй-бүлөгө 1 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды

admin

Ысык-Ата районунда “Ивановка” кичи суу сактагычы ишке берилди

admin

Кармалган «Мадина» базарынын кожоюнунун жактоочусу анын Көлбаев менен куда эмес экенин айтты

admin

Комментарий