24-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

24-октябрда түнкүсүн Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16,

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +12…+17.

Бишкекте 24-октябрга караган түнү жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +15…+17 градус жылуу болот.

Related posts

Ташиев Салык кызматынын мурдагы жетекчисинин байлыгы 55 миллион долларга бааланганын айтты

admin

Түндүк Кипрдин президенти Эрсин Татар Кыргызстанга келди

admin

Башкы прокуратуранын жанынан бир киши өзүн өрттөөгө аракет кылган. Себеби

admin

Комментарий