Милиция кыз ала качуу боюнча кылмыш жоопкерчилиги бар экенин эскертти

Бишкектин Ленин РИИБи кыз ала качуу боюнча социалдык ролик даярдады. Анда никеге туруу максатында кызды ала качса Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесине (никеге туруу максатында ала качуу) ылайык мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылары айтылат.

«Ар бир кыз бул күндү эң маанилүү жана эң бактылуу күн катары элестетет: үйлөнүү үлпөт көйнөгү, ак жоолук жана жанында сүйүктүү адамы. Бирок кээде эң бактылуу күн өмүрүндөгү эң жаман күнгө айланат, анткени эркектер күчкө салып кыздарды ала качышат. Кылмыш кылып, үй-бүлө куруунун кереги жок! Үйлөнүү максатында кызды ала качуу — кылмыш! Бишкек шаарынын Ленин РИИБи эскертет: никеге туруу максатында адамды ала качса Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесине (никеге туруу максатында ала качуу) ылайык мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат», — дешти.

Related posts

Министрлер кабинети көмүрдүн экспортуна убактылуу чектөө киргизди

admin

Астанада жүрүп бара жаткан автобустан аял кулап түшкөн. Жүргүнчүлөрдүн реакциясы таң калтырат

admin

27-октябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы.

admin

Комментарий