Бишкекте «Ожак Кебап» кафесинин бир бөлүгү бузулууда

Бишкекте Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишиндеги “Ожак кебап” кафесинин кеңейтилген бөлүгү бузулууда. Жеринде вице-мэр Нурдан Орунтаев, жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Уран Мусаев жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жүрүшөт. 

Бул жер ижарага берилгенин Нурдан Орунтаев билдирди. Комиссиянын 8-августтагы чечими менен келишим токтотулган. 22-августта Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы муниципалдык аймакты бошотуу боюнча билдирүү тараткан.

«Бул жер тилкеси тротуарларды кеңейтүү максатында бошотулуп жатат. Келечекте жөө жүргүнчүлөр үчүн жер астындагы же жер үстүндөгү өтмөк куруу пландалууда», — деди Орунтаев.

Related posts

Дыйкан-фермер чарбаларды 2030-жылга чейин 424 кооперативге бириктирүү пландалууда

admin

29-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Былтыр Кыргызстан менен Свердлов облусунун товар жүгүртүүсү 130 млн. доллар болду

admin

Комментарий