«Досун эстейм деп, өзү эскерилип калды». Рахман Разыковдун китебинин ачылышы болду

Бүгүн, 24-октябрда Бишкек шаарында маркум куудул, белгилүү сатирик Рахман Разыковдун китебинин бет ачары болду. Аталган иш-чараны куудулдун жубайы Диля Разыкова уюштурган.

Диля айым СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине иш-чара тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди.

«Рахман бул китепти куудул досу Манас Бердибековго арнап, «Манаска кат» деген аталышта жазган болчу. Ага кошумча «Аралаштын» 35 жылдык тарыхы, сатиранын түптөлүшү тууралуу тарых катары жазып жүргөн эле. Досун эстеп китеп чыгарам деп жүрүп, эми минтип Рахманды эстеп калбадыкпы. Рахмандын китебинин ачылышына маданият чөйрөсү, кесиптештери Абдылда Иманкулов, Күмөндөр Абылов, Гүлшайыр Садыбакасова, Кубик Калыков жана башка инсандар келишти. Кудай буюрса, мындан кийин Ош шаарына да барып Рахманды сыйлаган, сатирасын сүйгөн инсандарга да китептин ачылышын өткөрсөкпү деп жатабыз»,- дейт Диля Разыкова.

Related posts

Бириккен күрөш дүйнөсү Акжол Махмудовдун атаандаштарын жерге чаап жаткан видеосун бөлүштү

admin

Чүйдө кичи автобустун айдоочусу жүргүнчү менен мушташкан

admin

Камчы Көлбаевдин кудасы Рустам Турдиев бошотулду

admin

Комментарий