Садыр Жапаров: «Кыргыз-монгол мамилелеринин потенциалы эми гана ачыла баштады»

Президент Садыр Жапаров, 25-октябрда өлкөгө иш сапары менен келген Монголиянын премьер-министрин кабыл алды.

Мамлекет башчысы конок менен учурашып жатып, Монголияга болгон сапарын жана өлкөнүн президенти менен болгон жолугушуусун, анын жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин кеңири чөйрөсү боюнча макулдашууларга жетишилгендигин жылуу маанайда эскерерин белгиледи. Садыр Жапаров Монголиянын лидерине саламын жолдоп, аны Кыргызстанга жооп иретинде мамлекеттик визит менен күтүп жатканын кошумчалады.

Президент азыркы кыргыз-монгол карым-катнашы өз ара ишеним, өз ара түшүнүшүү, эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери боюнча бирдиктүү мамиле, эл аралык жана регионалдык маселелер боюнча жакындык же позициялардын дал келүүсү менен мүнөздөлөрүн баса белгиледи. Тараптар ар бир негизги маселе боюнча өз ара колдоо көрсөтүүдө. Ошону менен бирге кыргыз-монгол мамилелеринин потенциалы эми гана ачыла баштады. Мында эки өлкөнүн жана элдин жыргалчылыгы үчүн анын сапаттуу жана маңыздуу толтурулушу үчүн зарыл болгон биргелешкен күч-аракеттерди жумшоо керек.

Садыр Жапаров соода-экономикалык кызматташуу жаатында биргелешкен аракеттерди активдештирүүгө өзгөчө басым жасады. Кыргызстан менен Монголиянын алдында чет элдик инвестицияларды тартуу милдети турат. Кыргыз тарапка тоо-кен өнөр жайына жана айыл чарбасына инвестицияларды тартууда Монголиянын тажрыйбасы пайдалуу болот. Кыргызстан монгол ишканаларынын, ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн биздин өлкөдө бизнес жүргүзүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда катышуусун кубаттайт.

Өз кезегинде Монголиянын премьер-министри Садыр Жапаровго меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, Монголия президентинин жылуу саламын айтты.

Related posts

Баткен жана Лейлек райондорунда ок атышуу уланууда (Видео)

admin

«Крокус сити холлдогу» кандуу окуя: Каза болгондордун жаңыланган тизмеси жарыяланды

admin

«Ыкчам штаб түзүлдү». Бишкек ЖЭБдеги авариянын себеби аныкталып жатат

admin

Комментарий