Орус парламенти Өзөктүк сыноого тыюу салган келишимди жокко чыгарууну колдоду

Орусиянын парламентинин жогорку палатасы — Федерация Кеңеши 25-октябрдагы жыйында Өзөктүк сыноолорго тыюу салган келишимдин ратификациясын жокко чыгаруу сунушун жактырды. Мыйзам долбооруна 156 депутаттын баары колдоп добуш берди.

Эми документ президент Владимир Путинге жөнөтүлөт.

Парламенттин төмөнкү палатасы — Мамлекеттик Дума Өзөктүк сыноолорго тыюу салган келишимдин ратификациясын жокко чыгарган мыйзам долбоорду 18-октябрда жактырган.

Мамдуманын спикери Вячеслав Володиндин тапшырмасы менен иштелип чыккан документ парламентке 13-октябрда киргизилген.

Ратификацияны артка кайтаруу демилгесин октябрдын башында Орусиянын президенти Владимир Путин көтөргөн. «Валдай» клубунун жыйынында ал Орусиянын өзөктүк доктринасын өзгөртүү зарылдыгы жок экенин, бирок «Өзөктүк сыноолорго тыюу салуу боюнча келишимдин» ратификациясын артка кайтаруу маселесин ойлонуп көрсө болорун айткан.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков белгилегендей, ратификациянын артка кайтарылышы Москванын өзөктүк сыноо өткөрүү ниети бар экенин билдирбейт.

Өзөктүк сыноолорго тыюу салган келишим 1996-жылы Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 50-сессиясында кабыл алынган. Документке жетиштүү сандагы өлкөлөр кол койбогондуктан, күчүнө кирген эмес. Өзөктүк державалардан Индия, Пакистан жана Түндүк Корея келишимге кошулуудан баш тарткан. Ал эми АКШ жана Кытай кол койгону менен, ратификациялаган эмес.

Орусия эл аралык келишимди 2000-жылы 30-июнда ратификациялаган.

Related posts

21-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Өмүрбек Израилов, Анвар Осмоналиев… Кыргыз драма театрынын актёрлору сыйланышты (видео)

admin

Бүгүн таң эрте бир катар журналисттердин үйүндө тинтүү жүрүп жатканы айтылууда

admin

Комментарий