Арзыбек Кожошев автотранспорт жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 25-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев автотранспорт жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу ал “Экономикалык реалдуулуктун жаңы чакырыктары” эл аралык илимий-практикалык конференциясында айтты.


Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан өлкө аймактарындагы транспорт потенциалын жана инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү натыйжалуу иштери, ЕЭБдин алдында турган транспорт жана инфраструктура маселелери боюнча милдеттерди чечүүгө, транспорт чөйрөсүндө евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрү сыйланды. Алар:

– Евразия экономикалык комиссиясынын «Евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн» төш ​​белгиси – Текебаев Тилек Кыдырмаевич – Транспорт жана коммуникациялар министри;

– Евразия экономикалык комиссиясынын Ардак грамотасы – Бариев Ырысбек Жантаевич – Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;

– Евразия экономикалык комиссиясынын Ардак грамотасы – Ибраев Данил Турсунбекович – Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун (КСПП) президенти.

“Экономикалык реалдуулуктун жаңы чакырыктары” эл аралык илимий-практикалык конференциясынын “Транспорт жана санариптик логистика: жаңы реалдуулуктар жана мүмкүнчүлүктөр” секциясынын иши Евразия экономикалык комиссиясы менен өнөктөштүктө уюштурулду.

Related posts

Маск украиналык аскерлер акча үчүн канды булоонго ташталып жатканын айтты

admin

Төрага Нурланбек Шакиев ТүркПАнын Кеңешинин жыйынына катышты

admin

Быйыл жаз эрте келерине байланыштуу Айыл чарба министрлиги сууну үнөмдөөгө чакырды

admin

Комментарий