«Кой же чочконун эти деп сатышмак». Кытайда миңдеген мышык куткарылды

Кытайдын чыгышындагы Чжанцзяган шаарында полиция союуга жөнөтүлгөн миңден ашык мышыктарды куткаруу операциясын жүргүздү. Бул тууралуу кытайлык The Paper басылмасы жазып чыкты.

Бир нече күн мурун жаныбарларды коргоочулар тобу жергиликтүү көрүстөндүн жанынан мышыктар салынган көп сандагы жыгач кутуларды табышкан. Активисттер мышыктарды жүктөө үчүн көрүстөнгө жүк ташуучу унаа келгенче 6 күн күтүшкөн. Унаа келери менен полицияны чакырышкан. Жүк ташуучу унаа бара жаткан касапканадан укук коргоо кызматкерлери көптөгөн мышыктын өлүктөрүн табышкан. Активисттердин айтымында, жолбун мышыктарды кармап, андан кийин алардын этин чочконун же койдун эти деп сатып, ар бир этинен 15-20 доллардан киреше табышмак.

Куткарылган жаныбарлардын баары жергиликтүү баш калкалоочу жайга жөнөтүлдү. Мышыктын этин кайра иштетүү менен алектенгендердин кимдир бирөө кармалганы тууралуу маалымат жок.

Related posts

«120 миң сом талап кылышкан». Кара-Кулжа РИИБдин 2 кызматкери кармалды

admin

ӨКМ: Өлкө аймагында сел жүрүү коркунучу жогору бойдон калууда

admin

Malaika Arora: I Have Evolved A Lot In Terms of Fashion

admin

Комментарий