Дүйнөнү жакшыга өзгөрткөндөр үчүн жаңы кино-сыйлык бериле баштайт

Alternativa Film Project долбоору Alternativa Film Award биринчи эл аралык сыйлыгынын калыстар тобун жарыялайт. Калыстар тобун филиппиндик кинорежиссер, Канн кинофестивалынын лауреаты Брийанте Мендоса жетектейт. Калыстар тобунун мүчөлөрү Гита Саэди Кили, Удайя Прасанна Витанаге, Ринту Томас, Баян Алагузова, Вячеслав Абрамов, Руслан Акун жана Анна Чубинидзе.

Alternativa Film Awards – жакшы социалдык өзгөрүүлөргө себепкер боло турган, ошол эле маалда элдин кеңири катмарына багытталган кинолорго колдоо көрсөткөн жаңы кино-сыйлык. Сыйлык коомдук, маданий көйгөйлүү маселелерди көтөргөн, элдин жана локалдуу коомчулуктардын жашоосуна таасир тийгизген эмгектерге басым жасайт. Alternativa Film Awards кино-сыйлык жана импакт-сыйлыктарды бириктирүү менен кинолордун көркөмдүүлүгүн жана социалдык таасирин (импакт) баалайт. Alternativa Film Awardsтын биринчи сыйлыгын тапшыруу аземи 2-декабрда Алматыда өтөт.

Сыйлыктын калыстар тобуна ошондой эле кыргызстандык режиссер, продюсер жана сценарист Руслан Акун («Салам, Нью-Йорк», «Бишкек, мен сени сүйөм!», «Акыркы сабак») кирген. Аталган режиссер студенттик күндөрүнөн бери Кыргызстандагы социалдык иш-чараларга жигердүү катышып келет. Берлин кинофестивалында Panorama секциясында үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу “Бакыт” киносу  менен көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү сыйлыгын жеңип алган казакстандык продюсер Баян Алагузова да тизмеде.

Сыйлыктын жалпы байге фонду 2023-жылы $100 000 түзүп, беш номинация боюнча ыйгарылат: Future Voice (кино тармагы жана коомдогу өзгөрүүлөргө чоң салым кошо ала турган режиссёр үчүн), Spotlight (мурун жалпы коомчулуктун көз жаздымында калып келген маанилүү теманы же окуяны чагылдырган кино үчүн), Alter (социалдык курч маселелер жана өзгөртүүгө түрткү бере турган кино үчүн), Nativa (улуттук же маданий иденттүүлүк маселелерин камтыган кино үчүн) жана Short Awards (Борбор Азиянын фокустук аймагынан кыска метраждуу кино үчүн). Андан сырткары сыйлоо аземинде көрүүчүлөрдүн купулуна толгон кино үчүн Resonance аттуу атайын сыйлык да ыйгарылат (акчалай байгесиз).

Alternativa Film Awardsтын байгелери адилеттүү бөлүнөт, бардык байге ээлери $20 000 өлчөмүндө сыйлыкка ээ болот. Сыйлыкка катышуу үчүн көркөм, документалдык, анимациялык жана жанрларды айкалыштырган гибриддик кинолорду жиберүүгө болот. Бул жылы бардык жанрдагы кыска метраждуу кинолор Борбор Азия өлкөлөрүнөн гана кабыл алынат. Кинолор 2022 же 2023-жылдары тартылып бүтүшү зарыл.

Номинациялар, кинолорду тандап алуу жана калыстар тобу тууралуу толук маалыматты alternativa.film сайтынан алууга болот.

Маалымат үчүн: Alternativa Film Awards – inDrive глобалдык технологиялык компаниясы тарабынан 2023-жылы Борбор Азияда түзүлгөн эл аралык коммерциялык эмес Alternativa Film долбоорунун бир бөлүгү. Долбоор өнүгүп келе жаткан киноиндрустиядагы киночулардын кыймылын колдоо жана өнүктүрүү үчүн түзүлгөн. Анын миссиясы – биздин дүйнө жөнүндөгү түшүнүгүбүздү кеңейтип, аны жакшы жакка өзгөртүүгө жардам бере турган эмгектердин авторлорун дүйнөлүк аренага таанытуу; алардын профессионалдык өсүүсүнө жардам берүү жана локалдык киноиндустрия жана кинокоомчулуктарынын өнүгүшүнө терең таасир этүү.

Alternativa Film Project – көчмөн-долбоор болуп, бир өлкөдөн экинчи өлкөгө көчүп, өз аймагын тынымсыз кеңейтет. 2023-жылдагы негизги демилгелер Алматы жана Бишкектеги Alternativa Film Labs алкагындагы үч билим берүү программасы болот. Андан сырткары 2-декабрда Алматыда өтө турган биринчи “Alternativa” эл аралык кино сыйлыктарын тапшыруу аземи уюштурулат.

Related posts

Депутат Самыйкожо: «Окуучуларга сабак учурунда телефон колдонуусуна тыюу салынышы туура»

admin

Нарынга панорамалык аттракцион курулат (сүрөт)

admin

Камчыбек Ташиев: Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш улантылат

admin

Комментарий