Аброр Хакимов Бүткүл Дүйнөлүк оюндарда алтын медалга ээ болду

Кыргыз Республикасынын кикбоксинг боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Аброр Хакимов Эр-Рияд шаарында (Сауд Аравия ) өтүп жаткан Бүткүл Дүйнөлүк оюндарда алтын медалга татыды.

Спортчу 71 килограммга чейинки салмакта катышкан. Алтын медаль үчүн беттеште франциялык мушкерди жеңип, 1-орунду ээлеген.

Бүткүл Дүйнөлүк оюндары 20-октябрь күнү башталган. Жалпы 15 спорттун түрүнөн мелдештер өтүп жатат. Кыргызстандын улуттук курама командасы карате, самбо, джиу-джитсу, грепллинг, казак күрөшү, “Алыш” белбоо күрөшү жана кикбоксинг боюнча катышты.

Мелдеш 30-октябрь күнү жыйынтыкталат.

Related posts

Израил ХАМАС менен сүйлөшүүлөрдүн «кийинки кадамдарын» талкуулады

admin

Садыр Жапаровду АКШга кимдер коштоп кетти?

admin

«Бетиңер чымырап жатса керек. Контрабандисттер менен биригип алгандар бар». Ташиев чек арачыларга эскертүү кылды

admin

Комментарий