Дагестандагы аэропортто Израилден учак конгондо тополоң башталды

Дагестандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Махачкала аэропортундагы тополоңдо 20дан ашуун адам жаракат алганын билдирди.

Республикалык ооруканалардын дарыгерлери Махачкала аэропортундагы окуядан жабыркаган 10 кишиге жардам көрсөтүүдө. Жабыркагандардын арасында полиция кызматкерлери жана жөнөкөй жарандар бар. Эки адамдын абалы оор. Жеңил жаракат алган дагы 10дон ашык адам амбулатордук медициналык жардам сурап кайрылышкан.

Тель-Авивден (Израиль) учак учуп келер алдында Махачкала аэропортуна жүздөгөн адамдар чогулган. Алар эл аэропорттон чыккан унааларды токтотуп, жүргүнчүлөрдүн паспортторун текшере башташкан. Андан соң эл аэропорттун имаратына кирип, антисемиттик ураандарды кыйкырып киришкен. Кийинчерээк алар учуу тилкесине чыгып кетишкен.

Дагестандын Тергөө комитети массалык баш аламандык уюштуруу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Related posts

Кыргызгидромет 11-декабрга карата аба ырайынын болжолун жарыялады.

admin

Камчыбек Ташиев сотторго параны адвокаттар ташып жатканын айтты

admin

Ар бири 200 миң сомдук. Жумгалда беш жылкы уурдаган шектүү кармалды

admin

Комментарий