Министрлик өлкөдө кызамык боюнча кырдаал курч бойдон экенин билдирди

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, жыл башынан бери 3289 адам кызамык оорусуна чалдыкса, алардын көбү 4 жашка чейинки балдар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Эң көп катталгандар Бишкек шаарында (989 адам), Ош шаарында (321 адам), Ош облусунда (683 адам), Чүйдө (515 адам) жана Жалал-Абадда (501 адам), Ысык-Көлдө 68, Баткенде 94, Таласта 92, Нарында 26 учур катталган.

«Жалпысынан кызамык боюнча кырдаал курч бойдон калууда. Окуу жылы башталгандан бери бул оору орто мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин окуучуларынын арасында, эмдөөдөн өтпөгөн балдардын арасында көп катталууда. Кызамык оорусунун очогун чектөө үчүн уюшкан топтордо карантин жүргүзүлүүдө, анда билим берүү мекемелери инкубациялык мезгил аяктаганга чейин дистанттык окутууга убактылуу которулат. Бишкек шаарында 2 менчик бала бакчада, бир менчик мектепте, Каракол шаарында 1 кызамык оорусу мамлекеттик бала бакчада катталган. Ал эми 30-октябрда Жалал-Абад шаарындагы эки орто мектепте кызамык оорусу катталгандыктан карантинге жабылган. Атайын комиссиянын чечими менен окуу процесси убактылуу дистанциялык форматта өткөрүлөт. Бардык уюмдарга санитардык эрежелер даярдалып, жетекчилерге токтомдор менен протокол түзүлдү», — дешти.

Related posts

Садыр Жапаров “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыкка кол койду

admin

Дүйнөнүн ири инвесторлору чогулду. Кыргызстан көңүл борборунда

admin

Ат-Башыда спецтехника сатып алууда мамлекетке 5,3 млн сом зыян келтирилгени аныкталды

admin

Комментарий