Сауд Арабиядан келген дарыгерлер Кыргызстанда жүрөккө бекер операция жасайт

31-октябрда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрагим бин Ради Аль-Ради менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуу, аймактарда фельдшердик-акушердик пункттарды куруу, тажрыйба алмашуу жана адистердин квалификациясын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

Салман падышасы атындагы гуманитардык жардам жана куткаруу борбору тарабынан ушул жылдын 10-ноябрынан 17-ноябрына чейин Кыргызстанда жүрөккө бекер операция жасоо кампаниясын өткөрүүнү көздөп жаткандыгын билдирди. Бул акцияны өткөрүү үчүн Кыргызстанга 30 адистен турган топ келип, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 100гө жакын жардамга муктаж бейтаптарга жүрөккө бекер операция жасатары күтүлүүдө.

Ошондой эле, алар өздөрү менен кошо 500 миң долларын түзгөн каражатка стенттерди жана керектүү медициналык жабдууларды бекер алып келе тургандыктары айтылды. Министр Алымкадыр Бейшеналиев элчиге саламаттык сактоо тармагына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бул иш-чараны өткөрүүдө Саламаттык сактоо министрлиги келген дарыгерлер тобуна бардык зарыл болгон колдоону көрсөтөөрүн белгиледи.

Related posts

 УКМК: 18 кг баңгизат сатууга аракет кылып жаткан жеринен эки адам кармалды 

admin

Садыр Жапаров мыкты бомбардир болду. Бишкекте «Мурас» мелдеши аяктады (сүрөт)

admin

Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 7,7 миңден ашты 

admin

Комментарий