Ташиев Бишкекте ички иштер бөлүктөрүнүн майрамдык саптык кароосуна катышты

1-ноябрда эски аянтта коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого тартылган ички иштер органдарынын гарнизондук саптык кароосу өттү. Ага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, ички иштер министри милициянын Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, ИИМдин кызматтарынын, башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери, ички иштер органдарынын ардагерлери, коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Аянтта ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, күзөт кызматынын, милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын, Бишкек шаарынын жана Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын бөлүктөрүнүн кызматкерлери, Ички аскерлердин аскер кызматчылары, Академиянын курсанттары саптык кароого тизилишти.Өздүк курамга жана техникаларга кароо жүргүзүлдү.

Бүгүн, 1-ноябрь милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамы. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев милиция кызматкерлерин куттуктап, алардын кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү орду чоң экенин белгиледи. Ал өз сөзүндө ички иштер органдарынын өздүк курамын, ардагерлерин жана бардык кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Related posts

 Садыр Жапаров манасчы Рысбай Исаков менен жолугушту

admin

Ленин районундагы шайлоо. Кол менен саноодо да Кубанычбек Самаков алдыда

admin

Бишкекте 22 жаштагы кыздын бөйрөгүн бекер алмаштырышты (сүрөт)

admin

Комментарий