Өмүрбек Израилов, Анвар Осмоналиев… Кыргыз драма театрынын актёрлору сыйланышты (видео)

Бишкектеги Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз драма театрынын актёрлору Маданият министрлигинин сыйлыктары менен сыйланышты. Бул тууралуу аталган театрдан билдиришти.

«Театрыбыздын таланттуу актёрлору Атай Өмүрбеков, Канболот Атакан уулу “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен, таланттуу актрисабыз Гүлнара Сатарова, таланттуу актёрлорубуз Анвар Осмоналиев, Өмүрбек Израилов Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланышты», — дешти.

Related posts

РФ элчиси: Кыргызстан ага ким дос, ал эми ким жөн гана сапарлаш экенин билет

admin

Бала бакча ачууну каалагандарга жеңилдетилген насыя берилүүдө. Шарты

admin

Бүгүн Бишкектеги мектептер жана бала бакчалар онлайнга өттү

admin

Комментарий