2-ноябрда депутат Адахан Мадумаров Республикалык кардиология борборунан УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу анын тарапташтары билдиришти.
26-октябрда Адахан Мадумаровдун ден соолугу кескин түрдө начарлап кеткендигине байланыштуу УКМКнын тергөө абагынан Республикалык кардиология борборуна которулган болчу.