Кыргыз ССРнин эл артисти, төкмө акын Калык Акы уулунун 140 жылдык мааракесине арналган төкмө акындардын республикалык айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Айтыштын тандоо туру 15-ноябрда саат 10:00дө Кыргыз улуттук косерваториясында өтөт. Жарым финалдык жана финалдык айтыштар 27-ноябрда Улуттук филармонияда 18:00дө башталат.
Байге фонду 1 миллион сом.