«Заара ушатканынан ушуга баргам». Ошто эгиз кыздарын аёосуз сабаган келин камакка алынды

Социалдык тармактарда «заара ушатасың» деп эгиз балдарын аёосуз сабаган делген эненин видеосу тарады. Видеодон аял кишинин кичинекей балдарын уруп, тилдеп жатканын көрүүгө болот. Интернетке тараган маалыматтар боюнча видео Ошто тартылган. Маалыматтарга караганда, келин жолдошу менен ажырашып кеткен. Окуя боюнча  Ош ОИИБден маалымат беришти.

Маалымат 6-ноябрь күнү электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө балдарды уруп жаткан аял Араван районунун Юсупова айыл аймагынын 21 жаштагы тургуну экендиги аныкталып, тергөө кызматына камсыз болгон. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө келин видеотасмада уруп жаткан балдар өзүнүн 2 жаштагы эгиз кыздары экендигин, алар заара ушатып койгондугу үчүн ушундай кадамдарга баргандыгын билдирген.

Топтолгон материалдардын негизинде анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары камакка алынды. Учурда балдардын денелеринен алган жарааттарын жана психикалык жактан жабыр тарткандыгын аныктоо максатында экспертизалар дайындалып, тиешеллүү мамлекеттик социалдык мекемелер жумуштарын алып барып жатышат», — дешти.

Related posts

Режиссер Геннадий Базаров 81 жаш курагында дүйнө салды 

admin

Олимпиада-2024: Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу атаандашынан жеңилип калды  

admin

УКМК: Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы пара менен кармалды

admin

Комментарий