«Туура эмес басылган желек алынды». Кореяда илинген Кыргызстандын желеги талкууга түштү

Социалдык тармактын колдонуучусу Сеул шаарында өлкөбүздүн желегине дал келбеген желекти илип койгон видео менен бөлүшкөн. Окуя боюнча Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова түшүндүрмө берди.

«Оперативдүү түрдө текшерүү иштерин жүргүзүп желектин Сеул эмес, Тэжон шаарындагы Hanbat National University тарабынан тагылганы аныкталды. Элчилик университет менен ыкчам түрдө байланышып, илинген желек Кыргыз Республикасынын расмий бекитилген желегине дал келбей турганын университеттин жетекчилигине маалымдап, эмне үчүн бул туура эмес жасалган желек илингенин түшүндүрүп берүүсүн суранды. Университеттин жетекчилигинин айтымында, алар желекти жергиликтүү фирмадан заказ кылып, бирок туура эмес жасалып калганын билбей калгандыгын билдиришти. Макулдашылбаган иш-аракеттер үчүн университеттин жетекчилиги кечирим сурашты.

Өз кезегинде элчилик университет менен тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бул желекти тез арада алып салууну жана мындан ары Кыргыз Республикасы менен байланышкан бардык иш-чараларды Кыргыз Республикасынын элчилиги менен макулдашуусу зарыл экендигин билдирди. Университеттен кечирим каты да келип калды», — деди элчи.

Related posts

Өзгөчө экономикалык бирикмелер ишке кирип, дыйкан-фермерлердин керектөөсүн камсыз кыла баштайт

admin

Садыр Жапаров Ташиевге кайсы эмгеги үчүн жогорку мамлекеттик наам берилгендигин түшүндүрдү

admin

АКШ мамкатчысы: бизге жакса да, жакпаса да Россия глобалдуу күч

admin

Комментарий