Кыргыз-тажик чек арасынын 17,98 чакырымы макулдашылды

Жетишилген макулдашууга ылайык, 1-ноябрдан 8-ноябрга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстандын делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. 

Маалыматка караганда, жолугушуу Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында болгон.

Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 17,98 чакырымы боюнча макулдашты. Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды макулдашуу боюнча ишти улантат.

Related posts

Өлкөдө Орозо айы 23-мартта башталат 

admin

Ноокатта каза болгон өспүрүм. Медреселерге камера коюлат

admin

Өзгөчө экономикалык бирикмелер ишке кирип, дыйкан-фермерлердин керектөөсүн камсыз кыла баштайт

admin

Комментарий