Кыргызстандык 2 спортчу АКШда өткөн фестивалда алтын медаль жеңди (сүрөт)

Кыргыз Республикасынын таяк тартыш боюнча курама командасынын мүчөлөрү Элдос Айтбаев жана Эльза Абдыкадырова АКШнын Орландо шаарында өткөн эл аралык фестивалда алтын медаль тагынды.

70 килограммга чейинки салмакта Эльза Абдыкадырова жана 80 килограммга чейинки салмак ченинде Элдос Айтбаев алтын медалга ээ болушкан. Орландо штатында (АКШ) өткөн эл аралык фестивалы 2-5-ноябрь күндөрү болуп өттү. Мелдешке Кыргызстан, Орусия, Пакистан, АКШ, Канада, Венгрия, Япониядан барган спортчулар катышты.

Related posts

УКМК: Салык кызматынын кызматкерине пара берип жаткан чет элдик жаран кармалды

admin

Акылбек Жапаров Ноокаттагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюунун жүрүшү менен таанышты

admin

УКМК: Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы жана улук инспектору кармалды

admin

Комментарий