Бишкекте аялдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар иштей баштады

Ленин районунда оор турмуштук кырдаалга кабылган балалуу аялдар үчүн «Мээрим борбору» баш калкалоочу жайы иштейт, аларга ысык тамак, жатакана, медициналык тейлөө, социалдык жана юридикалык жардам берилет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Учурда бул жерде 12 аял жана 14 бала жашайт, ал эми социалдык кызматтар «Кайрымдуулук борбору» коомдук фондунун эсебинен көрсөтүлүүдө. Бул максатта жергиликтүү бюджеттен 493 миң сом бөлүнгөн. Борбордун өзүнүн кир жуучу жайы, чач тарач, душ бөлмөсү жана ашканасы бар. Медициналык кызматты №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлери көрсөтүшөт.

Документи жок аялдарга Ленин райондук үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн адистери паспортторун жана туулгандыгы тууралуу документтерин калыбына келтирүүгө жардам беришет. Колдоо үйү Трудов көчөсү, 10 дарегинде жайгашкан. Толук маалыматты 64-11-09 номерине чалып алсаңыз болот. Директор Роза Казиевна 88-38-99, Жамиля Абдыбекова — муниципалдык администрациянын адиси 65-68-79.

Related posts

УКМК кармады: “Кызмат” жана Почтадагы пара схемасы ачылды

admin

Активист Илгиз Шаменов “Азия Моллдогу” окуя боюнча милицияда сурак берип чыкты

admin

УКМК: Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин тергөөчүсү пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды

admin

Комментарий