Орусияда кыргызстандык жол кырсыкта каза болгон. ТИМ маалымат берди

Орусиянын Свердлов облустук Тергөө комитети Екатеринбург шаарында каза болгон кыргызстандык жарандын өлүмү боюнча ишти тергеп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

3-ноябрга караган түнү болгон жол кырсыгынын чоо-жайын тактоо максатында Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери маркумдун жакын туугандары менен бирге Орусиянын Свердлов району боюнча Мамлекеттик коопсуздук инспекциясынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча инспекциясынын тергөө бөлүмүнүн башчысы менен жолугушуу өткөрүштү.

Жыйындын жүрүшүндө тергөөгө чейинки жол-жоболор аяктагандыгы тууралуу маалымат берилип, учурда кылмыш иши тергөө комитетине өткөрүлүп берилгени айтылды. Башкы консулдук тарабынан маркумдун жакындарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүп, 7-ноябрда кыргызстандык Алтынбек Камбаровдун сөөгү Кыргызстанга жеткирилген.

Кыргыз жараны Екатеринбург шаарында каза болду. Орусиялык E1.ru басылмасынын маалыматы боюнча, 27 жаштагы жигит табышмактуу жагдайда каза болгон. Окуя 3-ноябрда Сортировочный районунда болгон. Ошол күнү кечинде ал жолго чуркап чыгып, автобустун эшигин кармоого аракет кылган, бирок тең салмактуулукту жоготуп, арткы дөңгөлөктүн астына кирип кеткен. Жигит ошол жерден каза болгон. Кыргыз жаранынын бир тууганы жигит өлтүрүлгөн деп эсептейт.

Related posts

Садыр Жапаровдун колдоосу менен Меккеде мейманкананын курулушу башталды

admin

Монголиянын спикери Гомбожавын Занданшатар Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен таанышты

admin

Түркияда массалык жол кырсык болуп 10 адам каза болду. Буга туман себеп болушу мүмкүн

admin

Комментарий