Дүйнө чемпиондугу: Жамалбек Асылбек уулу алтын медаль тагынды

Кыргыз Республикасынын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Жамалбек Асылбек уулу Ереван шаарында (Армения) өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда алтын медалга ээ болду.

Спортчу 88 килограммга чейинки салмакта спорттук самбо боюнча катышып алгач 1/16 финалдык беттеште гондурастык спортчуну утса, 1/8 финалдык беттеште түркмөнстандык балбанды жеңген. Чейрек финалда беларусь спортчуну жеңип, жарым финалдык беттеште армениялык балбанды утуп, финалга жолдомо алган.

Ал эми чечүүчү финалдык беттеште казакстандык балбанды жеңип Дүйнө чемпиону аталды.

Related posts

Бишкектеги соода борбордун эскалаторуна наристе кыпчылып калды

admin

Кыргыз-тажик чек арасынын 13,98 чакырымы макулдашылды

admin

Шайлообек Атазов мандатынан бүгүн ажырайбы?

admin

Комментарий