Мухамедали Умаров Куран жарышта мыкты 10 карынын бири болду

Мухамедали Умаров 4-12-ноябрь күндөрү Доха шаарында өткөн “Ауаль Аль-Ауаиль” (Биринчилердин биринчиси) аталышындагы дүйнөлүк Куран жарышта мыкты 10 карынын катарын толуктады. Бул тууралуу блогер Эртай Искаков жазды.

«Куран жарышка дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн мыкты карылар чакырылган. Сынактын шарттарына ылайык, катышуучулар Курандын сүрөөлөрүн жатка окуп берүү менен бирге Куран аяттарынын маанилерин (тафсирин) чечмелеп берүү боюнча ат салышкан. Жеңишти багындыргандардын бардыгы араб тилдүү өлкөлөрдөн болду. Эки гана катышуучу араб тилдүү эмес өлкөдөн болгон, алардын бири — Мухаммадали Умаров

2022-жылы сентябрда Мухаммадали Умаров Сауд Арабиясында өткөн Куран эл аралык сынагында №1 жеңүүчүсү болгон», — деп жазды ал.

Муфтияттан бул иш чара 3 жылда бир өтөрүн билдиришти. «Быйыл 70 кары катышкан. Анын 30у 1-турда, дагы 30у 2-турда жыгылган экен. Ал эми 10 кары 3-турга жеткен. Ошол 3-турга жеткендердин арасында Мухаммадали Умаров болгон», — дешти муфтияттан.

Related posts

Бишкекте наристесин таштандыга таштаган келин эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду

admin

Мэрия 2024-жылы Бишкектин борборунан маршруткаларды алууну пландап жатат

admin

КР УКМК: Ош аскер комиссариатынын кызматкери – опузалап пара талап кылгандыгы үчүн кармалды.

admin

Комментарий