Бишкекте 45 кабаттан турган комплекс салынат

Президент Садыр Жапаров, 14-ноябрда Бишкек шаарында өлкө тарыхындагы биринчи көп функциялуу “Manas Tower 45” комплексинин курулушунун пайдубалына мезгил кутусун салды.

Мындай көп кабаттуу комплекс өлкө тарыхында алгачкы ирет курулуп жатат, аны ишке ашырууга президенттин Иш башкармалыгы жана чет элдик инвесторлор катышууда. Курулушту 2,5-3 жылдын ичинде бүткөрүү пландалууда. Долбоор боюнча комплекс 45 кабаттуу имараттан туруп, анын ичинде беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор, жыйындар залы, ресторандар, гипермаркет, 20 миңден ашуун соода аянттары жана жер алдында 600 жеңил унаага ылайыкташкан автотоктотмосу болот.

Президент баса белгилегендей, бүгүнкү күнү өлкөбүздө курулуш тармагы ыкчам өнүгө баштады. Мамлекет башчысы мейманкана-комплекс заманбап дизайны менен айырмаланып шаарыбызга көрк берип, борборго келген меймандарга ыңгайлуу шарттары менен жайлуу бир имарат болот деген ишенимин билдирди. Садыр Жапаров долбоорго ылайык имараттын эң үстүндө тик учак аянтчасы жана панорама аянтчасы калаа тургундары менен меймандарына 200 метрден ашуун бийиктиктен Бишкек шаарыбызга алаканга салгандай көз чаптырып, анын кооздугуна суктанууга мүмкүнчүлүк тартуулай турганын билдирди.

Related posts

Ысык суу же жылуулук боюнча суроо жаралса кайда кайрылуу керек? Байланыш телефондор

admin

Баткенге барган президент эмнелерди айтты? Садыр Жапаровдун сөзү

admin

Москва жана Москва облусунун аймагына контртеррордук операция режими кирди 

admin

Комментарий