Камчыбек Ташиев Джиу-джитсу боюнча Дүйнө чемпиондугунда 1-орунга ээ болгон УКМК кызматкерине “ЭРДИК” төш белгисин тапшырды

Бүгүн, 2023-жылдын 15-ноябрында, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- УКМК төрагасы, генерал-лейтенант К.К.Ташиев Джиу-джитсу боюнча Дүйнө чемпиондугунда 1-орунга ээ болгон КР УКМКнын 9-кызматынын кызматкери Т.Джанаев менен жолугушуу өткөрдү.
Анда Камчыбек Ташиев Т.Джанаевди жеңиши менен куттуктап, мындай утуштар кыргыз эли үчүн зор мааниге ээ экенин белгиледи. Ошондой эле төрага, спорт чемпиондорунун ийгиликтүү жеңиши жаштарды патриоттуу болууга үйрөтөөрүн, андыктан мамлекет спортчулар үчүн тийиштүү шарттарды түзүп берүүнү улантаарын кошумчалады.

Өз кезегинде Т.Джанаев УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да спорт жаатында ийгиликтерди жаратууга аракеттенээрин убадалады.

Белгилей кетсек, жолугушуунун жүрүшүндө УКМК төрагасы Т.Жанаевге ведомстволук «Эрдик» сыйлыгын тапшырып, ага ден соолук каалап, келечекте мындан да чоң ийгиликтерди багындырарына ишенимин билдирди.

Эске салсак, 2023-жылдын 2-10-ноябрында Абу-Дабиде (БАЭ) джиу-джитсу боюнча дүйнөлүк чемпионат болуп, ага 127 өлкөдөн 7 миңге жакын спортчу катышкан.
Чебер эркектер арасындагы күрөң кур номинациясындагы 77 кг салмакта 1-орунду КР УКМКнын 9-ызматынын кызматкери ээлеген.

Related posts

Бишкекте 20 жаштагы Адинай Абазова дайынсыз болуп жатат

admin

Садыр Жапаров: Кыргыздар бөтөн жерге көз артпайбыз, бир да сантиметр өз жерибизди бирөөгө бербейбиз

admin

Мунайдын баасы 5-6 сомго төмөндөшү мүмкүн 

admin

Комментарий