Садыр Жапаровду Азербайжанда кандай тосуп алышты?

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-ноябрда БУУнун Борбор Азиянын экономикалары үчүн Атайын программасынын мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн Азербайжанга иш сапары менен барды.

Мамлекет башчынын борту Бакунун Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортуна конду.

Аэропорттун флагштокторуна СПЕКАга мүчө мамлекеттердин желектери илинип, ардактуу кароолдун ротасы тизилди.

Президент Садыр Жапаровду биринчи вице-премьер-министр Эюбов Ягуб Абдулла тосуп алды.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев;

— Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси Омар Султанов;

— экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев.

Related posts

Шашылыш билдирүү: өлкөнүн айрым аймактарында үшүк жүрөт

admin

Төө-Ашууда кар көчкү атып түшүрүлүп, жол маал-маалы менен жабылууда

admin

Бишкекте күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн 18 — сентябрдагы аба ырайы

admin

Комментарий