«Колун кесип, жанын алып калгыла деп жаттым» дейт ооруканага колу сынып барып каза болгон бейтаптын жубайы

Бул жолку каарманыбыз “Атамды өлтүргөндөр жазасын алсын” деп кызым кайрылды” деп сөзүн баштады. 4 баланын апасы жолдошу отургучтан кулап колу сынып, ооруканага түшкөнүн айтат. “Дарыгерлердин шалаакылыгынан улам, жолдошума операция жасалып, ошол бойдон ойгонбой калды” деген маркумдун жубайынын баянын уктук.

«7-ноябрда саат кечки 17:30-18:00 чамаларында жолдошум чалып, отургучтан кулап, колун сындырып алганын айтты. «4-шаардык ооруканага такси менен бара бер, мен үйдөн түз ошол жакка барам» десем, абалы жакшы экенин айтып, унаа айдап барууга болорун билдирди. Барсак кабылдамадан кызматкерлер тосуп алышты. Жапжаш жигиттер экен. Рентгенге түшүрүп, сынып кеткенин айтып, гипстешти. «Байке, ооруканага жатасыз. 2 жерден темир салыш керек» деди. 2-3 күн шишиги тарап, анализ тапшырган соң, операция жасаларын айтышты. «Даярданып келип, жатсаңар болот» деди. Ошол түнү жакшы уктады. Эртеси ооруканага жаткырдык. Чалганда баары жакшы экенин айтып жатты. Жума күнү кайра гипс такты, бирок сыздатып ооруп баштады деди. Ишемби күнү аябай ооруп, 5-6 кетонал дарысын ичиптир. Эртеси күнү да ошол кайталанат. Дарыгерлер жок. «Дүйшөмбү келет, операция жасайт, сынык ушундай ооруйт» дептир. Дүйшөмбү күнү операция деп бара жатсам, чалып колу аябай ооруп жатканын айтты. Колунан кан чыгып, канап жатыптыр. Текшерүүдөн кийин «билектин кан тамырлары жакшы, бирок колу жакшы эмес болуп жатат» деди. Жума күнү гипс такканда катуу кысып койгон окшойт деген ой келди. Кан-тамырлар бөлүмүнө бардык. Ал жерде дарыгер көрүп алып, жүрөгү түштү. Профессорлорду чакырды. Алар «кан тамырларын кысып салган турбайбы» деп айтып алышты. «Кызым, ыйлаба алар колун сактап калганга аракет кылыш керек» деди. Жазып берип, мага чалсын деди. Чалып, сүйлөшкөндөн кийин эле, жолдошумду операцияга алып кетти. Эртеси аны сактап калуу үчүн колун кесип салалы дешти. Мен «жанын алып калуу үчүн колун кескиле» дедим. Анткени улам дарыгер чыгып эле абалы начарлап жатканын айтып жатты. Эртеси колун кесишти. Ошол бойдон өзүнө келген жок. Бизге каза болгонун угузушту»,- деди жубайы.

Окуя боюнча клиникалык Тез жардам ооруканасына кайрылдык. «Дарыгерлер гипс салып, ооруканага жатарын айтышат. Ал күнү кетип, эртеси ооруканага жатат. 10-ноябрда дарыгери карайт. Операция алдында 2-3 күн даярдоо керек. Гипсти ачып көрүшкөн. 13-ноябрга операция белгиленген. Ишемби күнү үйүнө кеткен. Душка түшүп, колу ооруганынан кайра келген. Дарыгерлер көрүп, гипсти текшерип, кыскан жерин бошотуп, дарыларын жазып берген. Таңга маал дагы көрүп, бошотуп берген. 12-ноябрь күнү кечинде да карашкан. Түнү менен колу шишиген. Эртеси ооруп жатканын айткан. Кан-тамырлар бөлүмүнө жөнөткөн. Шишик бар экенин айткандан кийин, операция жасалды. Жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, 14-ноябрда эртең менен жыйын кылып, колун кесели дедик. Колу кесилген. Абалы оор, кан басымы көтөрүлбөй каза болду. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган.Ошонун жыйынтыгы менен биленет»,- деди башкы дарыгердин оорун басары.

Related posts

Курулуш компаниялар кошумча текшерүүлөрдү киргизүүгө каршылыгын билдиришти

admin

Ошто К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү- «Бойко” каймана аты менен белгилүү А.А.А. кармалды

admin

4-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий