Жарасул Абдураимов Министрлер Кабинетинин жана Президенттин аймактардагы өкүлдөрүн «Кыргызиндустрия» ААКнын ишмердүүлүгү менен тааныштырды

2023-жылдын 23-ноябрында «Кыргызиндустрия» ААКнын президенти Жарасул Абдураимов Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевди жана Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн «Кыргызиндустрия» ААКнын ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

Коомдун жетекчиси учурда 20 ишкананын 16сы ишке ашырылып, ийгиликтүү иштеп жатканын белгиледи.

«Учурда ишканалар өз продукциясын чет элдик жана ири компанияларга сатуу боюнча келишим түзүштү», — деди ал.

Абдураимовдун айтымында, буга чейин «Кыргызэлектроника» ЖЧКсы Казакстандын «Алматы ТВ» компаниясы менен интернет телекөрсөтүү үчүн 20 миң приставка сатуу боюнча келишим түзгөн. Мамлекеттик салык кызматына 2 миң бирдик кассалык аппараттар берилет. «Кыргызфармтех ЖЧКсы Саламаттыкты сактоо министрлиги менен медициналык пластырларды жеткирүү боюнча келишим түзгөн.«Кыргызтемирмык» ЖЧКсынын мыктары жана бурамалары курулуш рыногунун ички керектөөлөрүн гана камсыз кылбастан, КМШ өлкөлөрүнө да экспорттолот. «Кыргызбетонкурулуш» ЖЧКсынын пенополистирол панелдери курулуш компанияларынын арасында чоң кызыгууну жана суроо-талапты жаратууда. «Кыргыззоот» Кыргызстан, Казакстан жана Орусия үчүн тактикалык кийимдерди тигип жатат.

«ААК өз компетенциясынын чегинде инвестицияларды тартуу боюнча чараларды ишке ашырат, эл аралык корпорациялар жана финансылык институттар менен өз ара аракеттенет, корпоративдик башкаруунун алкагында биргелешкен ишканаларды түзөт. Биздин максат – өлкөнүн өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө кызыкдар болгон ишкерлерге бардык шарттарды түзүү», — деп түшүндүрдү компаниянын президенти.

Жыйынга катышкан Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев кошумчалагандай, «Кыргызиндустрия» ААК жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүү, иштеп жаткан өндүрүштөрдү модернизациялоо жана кеңейтүү, ошондой эле токтоп турган өндүрүштөрдү кайра иштетүү аркылуу өнөр жайды жандандырууга багытталган бир катар конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууда.

Бул иш-чара облус жетекчилеринде чоң кызыгууну жаратып, өлкөнүн өнөр жай тармагын мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жана зарылдыгын белгилешип, токтоп турган ишканаларды ишке киргизүү боюнча бул компаниянын тажрыйбасын үйрөнүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Эскерте кетсек, «Кыргызиндустрия» ААКсы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы №341 токтому менен 1 млрд сом өлчөмүндө уставдык капиталына мамлекеттин 100% катышуусу менен түзүлгөн.

«Кыргызиндустрия» ААКнын уюштуруучусу жана жалгыз акционери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп саналат.

Related posts

Сүйүнчү! Бишкекте 36 жаштагы келин 3 эм төрөдү

admin

Балыкчыда муз тээп жүрүп, сууга түшүп кеткен бир туугандар куткарылды (видео)

admin

24-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий