Садыр Жапаров Бишкекте мамлекеттик ипотекага бериле турган үйлөрдүн курулушун текшерди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда Бишкек шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жарандарга берүү максатында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунун жүрүшүн пландан тышкары инспекция кылды.

Мамлекет башчысына көп кабаттуу үйлөрдүн 11и толук бүткөрүлүп, келерки жылдын сентябрында колдонууга тапшырыла турганы маалымдалды. Он бир үйдүн ар бири 18 кабаттуу, анда жалпы 986 батир бар.

Курулуш жүрүп жаткан аймакта 39 көп кабаттуу үй курулат жана мамлекеттик ипотека программасы аркылуу жеңилдетилген шартта жарандарга берилет. Президент Садыр Жапаров курулуп жаткан үйлөрдүн сапатына өзгөчө көңүл буруу керек экенин баса белгиледи.

Related posts

Жалпы республикалык тестирлөө 20-майда башталат 

admin

Казак президенти Конституцияны өзгөртпөрүн жана 2026-жылы шайлоого катышпай турганын айтты

admin

Олимпиадалык курамдын капитаны Махмудов болот, бирок желекти Шеров көтөрүп чыгат

admin

Комментарий