Ысык-Көлдө кыз ала качкан шектүүлөр кармалды

Ысык-Көл облусунда никеге туруу максатында кыз ала качкан шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. 

Маалыматка караганда, 23-ноябрда Бостери айылдык милиция бөлүмүнө Ысык-Көл районунун 20 жаштагы тургунунан арыз түшкөн. Анда ал ошол эле күнү Корумду айылында Ауди үлгүсүндөгү унаадагы белгисиз үч адам күч колдонуп, никеге туруу максатында ала качып кетишкенин билдирген. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. 

Кылмышка шектүү катары Корумду айылынын тургундары кармалып, алар кылганын мойнуна алган. Алар соттун чечими менен камакта калтырылган.

Related posts

Ырчы Алмаз Шаадаев ата статусуна ээ болот

admin

Түркияда кайрадан эки жолу жер титиреди 

admin

5-мартта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий