Беловодское айылындагы мектеп-интернатта чыккан чуу. Милиция маалымат берди

23-ноябрда Москва РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Беловодское айылында жайгашкан Беловодское атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатында чыр-чатак болуп жатат деген маалымат түшкөн. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Аталган факты Москва РИИБге катталып, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлө башталган. Тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда мектеп-интернаттын 7-классынын окуучусу 2009-жылы туулган окуучу өзүнүн классташын ур-токмокко алып, денесине залал келтиргени аныкталган.

Ага соттук-медициналык экспертиза дайындалган, ал эми анын апасы уулун ур-токмокко алган өспүрүмгө жана бул фактыга жол берген мектеп-интернаттын директору жана мугалимдерине карата чара көрүп берүү жөнүндө арызы менен кайрылган. Ошол эле учурда директордун орун басары арыз менен кайрылган. Ал мектепте жаңжал чыгарып, уят сөздөрдү айткан сабалган өспүрүмдүн апасына чара көрүүнү суранган. Азыркы учурда тергөөгө чейинки текшерүү иши боюнча окуяны ар тараптуу, толук кандуу аныктоого багытталган тергөө-ыкчам аракеттери жүргүзүүлүдө, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Related posts

Кыргызстанга мыйзамсыз түрдө 8 автоунаа алып келүү аракети токтотулду

admin

Касымалиев: 2025-жылы кеминде 100 жаңы индустриялык долбоор ишке кириши керек

admin

Ысык-Көл облусунун айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын тизмеси жарыяланды

admin

Комментарий