Сокулукта 26 жаштагы келин мал сарайда асынган абалда табылды

21-ноябрда милицияга 1997-жылы туулган Сокулук районуна караштуу Северное дачасынын тургуну өз өмүрүн кыйгандыгы боюнча маалымат түшкөн. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Аталган факты катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган. Алдын ала териштирүү учурунда, ошол күнү саат 09:00 чамасында 1997-жылы туулган келин үйүндөгү мал сарайынын ичинен арканга асылып, өмүрүн кыйган. Аны жолдошу көрүп, ошол замат арканды чечип, тез жардам кызматын чакырган. Азыркы учурда окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Related posts

КР УКМК: Турак жай комплексиндеги коммерциялык жайлар мамлекетке өткөрүлдү

admin

Футбол: Кыргызстан кытайлык Тайбэйди 5:1 эсебинде жеңди

admin

Камчыбек Ташиев: «Мадумаров тилинин азабын тартат»

admin

Комментарий