Камчыбек Ташиев сотторго параны адвокаттар ташып жатканын айтты

«Соттор акча алып чечим чыгарарын коомчулуктун баары билет». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Алар параны кайдан алышат? Биз акча алгандарын кармоого аракет кылып жатабыз. 1 жыл аралыгында болгону 5 сотту кармадык. А биздин өлкөдө 500 сот бар. Алар миңдеген чечим чыгарышат. Алардын көбүнөн акча алышат. Биз ага чара көрүшүбүз керек. Соттордун кимге чечим чыгарып жатса, ошону менен байланышы болот. Булар адвокаттар. Адвокаттар ортодо акча беришет. Адвокаттар өзүлөрү пара ташып, кылмыш кыла баштады. Демек, биз адвокаттарды да тартипке салышыбыз керек», — деди ал.

Related posts

Акжол Махмудов кайрадан дүйнөлүк рейтингде биринчи орунду ээледи 

admin

УКМК: Мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу фактысы боюнча

admin

«Казакстанды колдоонун 112 сааты» марафону өтөт

admin

Комментарий