Камчыбек Ташиев: «Жалал-Абадда 3000 ипотекалык батир курулуп жатат»

2-декабрь күнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунда Мамлекеттик ипотекалык компаниялардын курулуш иштери менен таанышып чыкты. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

«Үйлөр ипотекага 25 жылга 4 пайыз жана 8 пайыз менен берилет. Өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, биринчилерден болуп мугалимдер, медицина кызматкерлери жана үйгө муктаж жарандар алышат. Негизги максат — чет өлкөдө үй алабыз деп иштеп жүргөн мигранттарды мекенге кайтарып, аларды үйлүү кылуу», – деди Камчыбек Ташиев.

Жалал-Абад облусунда мамлекеттик ипотекалык компаниянын 3000 батирдин курулушу жүрүп, төртүнчү курулуш иштери башталуу алдында турат. Алар Жалал-Абад шаарында 3 жерде жана Сузак районунун Ленин, Сузак айыл өкмөттөрүндө 2 жерде курулуш иштери жүрүп жаткан учуру. Курулуштарды сапаттуу жана ыкчам турдө жүргүзүү талабы эскертилип, бир жылдын ичинде бүткөрүү тапшырмасы берилди.

Related posts

Жалал-Абадда рейдерлик жол менен жер тилкелерин басып алууну уюштурган белгилүү «шылуун» Абдулла Юсупов кармалды

admin

АӨБ Кыргызстанга 50 млн доллар бөлөт

admin

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жардамга муктаж Кымбат менен жолугуп, материалдык жардам берди

admin

Комментарий