Жалал-Абад шаарында кыздарды сойкулукка тарткан жаран кармалды

Жалал-Абад облусунун аймагында «Допинг» операциясы учурунда жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын натыйжасында, Жалал-Абад шаарынын тургуну мыйзамсыз интимдик кызмат көрсөтүү үчүн көмүскө жайларды уюштуруп, кыздарды иштетип жаткандыгы тууралуу маалымат милицияга түшкөн. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан маалымдашты.

Бул факты Жалал-Абад ОИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 160-беренеси (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) катталып, кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында жашыруун сексуалдык кызматтарды көрсөтүп жүргөн 5 кыз аныкталган. Алар Ноокен районун 20 жаштагы М.Ж., Сузак районунун 19 жаштагы Н.С., Ю.З, жана 26 жаштагы М.А., Базар-Коргон районунун 40 жаштагы Г.Т. аттуу тургундары кармалган. Интимдик кызмат көрсөтүү үчүн атайын социалдык тармак аркылуу өздөрүнүн сүрөттөрүн жүктөп, анкеталарын толтурушуп коомчулукка жарыялап, ар бир жарандан 2000 сомдон 10000сомго чейин акча алып кызмат көрсөтүшүп келишкен.

Related posts

КР УКМК: Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Чокморов айылындагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды

admin

Садыр Жапаров в рамках госвизита прибыл в Цзинань

admin

«Жогорку кызмат адамдарына кызмат көрсөтүшкөн». Элиталык сойкулардын «апасы» кармалды

admin

Комментарий