Өмүрбек Бабанов: «Саясаттагы карьерамды токтотком»

Экс-премьер Өмүрбек Бабанов социалдык тармактагы баракчасына пост жазып, саясаттагы карьерасын токтотконун билдирди.

«Мени мамлекеттик кызматка кайра келет деген ушак-айыңдар чыгып, талкуу жаратып жибериптир… Бирок мен дагы бир жолу ачык жана түз айткым келет: мен саясаттагы карьерамды токтотком, ал өткөн чакта гана болгон иш. Саясат мен үчүн элге жардам берүү мүмкүнчүлүгү болгон. Мен өзүмдү толугу менен бизнеске, кайрымдуулукка арнадым. Бул аркылуу адамдарга жардам берип келгем жана улантам. Андыктан менин эч бир ишимди саясат менен байланыштырбооңуздарды суранам»,- деп жазды ал.

Ал ошондой эле Таласта жаңы ачылган имарат боюнча кеп кылды. «Өзгөчө ыраазычылыгымды Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Тургунбековичке жана УКМК жетекчиси Камчыбек Кыдыршаевичке билдирдим келет. Колдоо көрсөтүп, ачылышка катышкандыгыңыздар мен үчүн жана айылдаштарым үчүн өзгөчө колдоо болду. Мамлекетибиздин президенти Садыр Нуркожоевичке колдоо көрсөтүп, бизнеске шарт түзүп бергени үчүн терең ыраазычылык билдирем, ошонун негизинде ушундай жакшы иштерди аткаруу мүмкүн болду», — деп жазды ал.

Related posts

Бишкектеги хостелде чыккан мушташ: Чет өлкөлүк студенттерди карактаган шектүүлөр кармалды

admin

Жогорку Кеңеш Каныбек Иманалиевдин билим берүү жана илим министрлигине талапкерлигин жактырды 

admin

Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушту

admin

Комментарий