Бишкекте муздан тайып кулаган 43 адам дарыгерлерге кайрылды

Бишкекте 3 күндүн ичинде 43 адам тез жардам бөлүмгө кайрылып, муздан кулап түшкөнүн билдиришкен. Бул тууралуу Медициналык консультациялык кызмат жана спорттук медицина борборунун директору Сагындык Айтбаев билдирди.

8-декабрда тез жардам бөлүмүнө жалпы 46 адам кайрылса, анын 13ү муздан кулап түшкөнүн айтышкан. 9-декабрда арыз берген 44 адамдын 17си ушундай эле жүйө келтирген. 10-декабрда 28 чалуу болсо, анын 13ү кулап түшкөндүктөн кайрылган.

Борбордо 8 жана 9-декабрда кар жааган.

Related posts

19-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Кореяда жарылуу болгонго чейин чыгып жаткан газды туман деп ойлошкон

admin

Бишкектеги хостелде чыккан мушташ: Чет өлкөлүк студенттерди карактаган шектүүлөр кармалды

admin

Комментарий