Казакстанда элиталык сойкуларга барган делгендердин тизмеси тарады. ИИМ териштирүү жүргүзүп жатат

Казакстанда буга чейин «Айканын тизмеси» деп аталган элиталык сойкулардын кардарларынын маалыматтары интернетке чыгып кеткен.

Тизмеде казакстандык белгилүү ырчылар жана музыканттар, мамлекеттик сыйлыктардын ээлери, ири бизнес өкүлдөрү, ири каржы мекемелеринин, жогорку окуу жайларынын жана башка мекемелеринин кызматкерлери болгон. Анда 300дөй адамдын аты-жөнү, телефон номуру жана паспорттун номурлары жазылган. 

Казакстандын ички иштер министри Ержан Саденов кечээ, 11-декабрда Мажилисте «Айканын тизмеси» деп аталган тизме тууралуу айтып бергенин Zakon.kz жазды. Журналисттер министрден “Айканын тизмеси” деп аталган социалдык тармакка тараган бул тизмедеги маалымат чынбы деп сурашты. «Текшерүү жүрүп жатат, аяктагандан кийин жооп беребиз. Эч кандай божомолдор жок (кимдер ачыкка чыгарды), биз аны социалдык тармактардан таптык, текшерип жатабыз, жыйынтыгы боюнча маалыматты сиздерге жеткиребиз. Тизме жасалмабы же жасалма эмеспи айта албайбыз», — деди министр. Ал жеке маалыматтарды таратуу жети жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланарын эскертти.

Related posts

 Арстан Алай 15-январга чейин камакта калтырылды

admin

8 балалуу эне: «Жолдошум «мени сенин туугандарың каматты» деп таарынып, Орусияга кетип калды»

admin

Райымбек Матраимов камакта калтырылды

admin

Комментарий