Садыр Жапаров: «Кыргызиндустрия заводдорду жандандырууда»

«Кыргызиндустрия ачык акционердик коому өлкөдөгү токтоп турган заводдорду жандандырып, кайрадан ишке киргизип жатат». Мындай пикирин Президент Садыр Жапаров экинчи Элдик курултайдын жүрүшүндө айтып, учурда электроника, курулуш, жеңил өнөр жай тармагында иш алып барып, мамлекеттин экономикасына чоң салым кошуп жаткандыгын айтты.

«Өзүбүздүн «Кыргызиндустрия» компаниябыз, 20 ишкананын ишке киргизип, учурда: Электроника, топчу, мык, фурнитура, пластик, фарфор, принтер, ККМ аппараттарын, бетон, керамзит, азот жер семирткичтерди чыгарган өзүбүздүн өнөр жай ишканаларыбыз кайра жанданданып, ийгиликтүү иштеп жатышат», — деди президент.

Белгилей кетсек, «Кыргызиндустрия « ААК Министрлер Кабинетинин алдында түзүлгөн мамлекеттик компания. Анын негизги максаты – өнөр жай тармагын кайра жандандыруу, ишканаларды ишке киргизип, модернизациялоо, жумушсуздукту жана миграциянынын санын кыскартуу. «Кыргызиндустрия» кыска убакыттын ичинде 20 долбоорду иштеп чыгып, учурда анын 16 сы ар кыл тармакта ийгиликтүү иш алып барууда.

Related posts

12-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салуу. Мыйзам долбоор биринчи окууда жактырылды

admin

Садыр Жапаров Тамчыдагы аэропорттун жаңы аэробекетинин имаратынын курулушуна старт берди 

admin

Комментарий