«Жолдошум от жагып, күтүп турат». Бороон-чапкында 3 чакырым алыстагы мектепке барып иштеген мугалим тууралуу маалымат

Кара-Кулжа районунун Ичке-Суу айылынан Терек-Суу айылына бороон-чапкында барып, мектепте иштеген 53 жаштагы мугалимдин видеосу тараган.

Каныкей Ыдырысова 1970-жылы туулган. Башталгыч класстын мугалими. Ал 34 жылдан бери мугалим болуп эмгектенет. «1989-жылдан бери мугалим болуп эмгектенем. Жолдошум экөөбүз баш кошкондо үй салууга жер беришкен. Ошондуктан үй мектептен алыс болуп калган. Биздин айылда 4 жылдык мектеп бар. Ал жерде 4-класска чейин окушат. 5-11-классты мен сабак берген мектептен окушат. Азыр 20дан ашык окуучу мен иштеген мектепте окуйт.

Үй-бүлөлүүмүн. 5 балам бар.  2 балам үй-бүлөлүү. 3 балам мектепти бүтүп, Ошто азыр студент. Жолдошум үйдө. Үй-чарбачылык менен алек. Менин жумушума жол алыс болгондуктан, үйдү жылытып, күтүп турат. «Жол алыс, иштебе» деп айткан эмес. Мага жардам берет. Колдоо көрсөтүп турат. 

Тарап кеткен видео тартылган күнү кар аябай жааган. Сабагым бар эле. 12-декабрь болчу. Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү деп, иш-чара уюштуруп алгам. Барууга туура келди. Буга чейин деле мындан жаман карда, жамгырда калып иштеп жүргөнбүз. Дос, тууган деген бар ошолорго көрсөтөйүн деп, видео тартып, жөнөткөм. Ошол күнү жарык өчүп, интернетибиз да өчтү. Эртеси ойгонсом эле социалдык тармактарда тарап кетиптир. 

Эмгек министри Курултайга баргандардан Ыраазычылык кат берип жиберген экен. Кечээ мектепке келип, директор тапшырды. Ыраазычылык билдирем»,- деди мугалим.

 

Related posts

Камчы Көлбаевдин башына ок тийген, — өздүк булактар

admin

Батышчыл коомдук активисттер, НПОчулар Кыргызстан менен Орусияны уруштургусу келип жатабы?

admin

Гулбара Абдыкалыкова «Сулайман-Тоо» музей комплексинин башкы директору болуп дайындалды 

admin

Комментарий