Ысык-Көлдө тургундун үйүнөн курал-жарак табылды (сүрөт)

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундан ок-дарылар табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Ноябрь айынын ортосунда Ак-Суу РИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлерине райондун тургундарынын бири өз үйүндө ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Маалымат РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө, маалыматта көрсөтүлгөн адамдын өздүгүн аныкташкан. Ал Ичке-Жергез айылынын 47 жаштагы тургуну болуп чыккан жана анын жашаган жеринде мыйзамдуу тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Тинтүү учурунда милиция кызматкерлери тарабынан 2 даана «ТОЗ-8» үлгүсүндөгү ок атуучу куралдары, 10 даана 7,62 калибрдеги жана 10 даана 5,45 калибрдеги октор, 1 даана бычак, 1 окуу гранатасы жана баштыка салынган жапайы кара куурайдын өзгөчө жыты бар кургатылган өсүмдүк алынган. Алдын ала таразага тартуу учурунда алынган кургатылган өсүмдүктүн салмагы 1 килограмм 250 граммды түздү.
Соттук-баллистикалык жана соттук-химиялык экспертизалар дайындалды. Тергөө амалдары уланууда.

Related posts

Филармонияда миң бала манас айтты

admin

Саламаттыкты сактоо тармагына 107 медициналык унаа тапшырылды

admin

Америкалык жаран жашоосунда 34 миңден ашык бургер жеп, дүйнөлүк рекордду жаңылады

admin

Комментарий