Америкада кош жатыны бар аял эки күндө эки кызды жарыкка алып келди

Эки жатыны бар америкалык аял эки күндүн ичинде эки жолу төрөдү. Төрөт 20 саатка созулду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Алабама университетинин Бирмингем ооруканасында 32 жаштагы Келси Хэтчер 19-декабрда бир кызды, 20-декабрда экинчи кызды төрөдү. Кыздар эгиз деп эсептелет, бирок алардын туулган күндөрү дал келбейт, мындай көрүнүш сейрек учурайт.

Келси Хэтчерге 17 жашында анын кош жатыны бар деп айтышкан. Ал үч баланы дени сак төрөп, 2022-жылы жазында төртүнчү жолу боюнда бар экенин билген. Дарыгерлер курсакта жаткан эки баланын энеси болоорун билдиришкенде, аял таң калган. Биринчи бала табигый жол менен төрөлсө, экинчиси кесарево жолу менен төрөлгөн.

Related posts

ӨКМ: Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

admin

Президент Бишкектеги мектептердин биринде диндердин өнүгүү тарыхы боюнча сабака пландан тышкары катышты 

admin

6-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий