Эми дагы бир тапшырма бар, — Камчыбек Ташиев базарлардагы контейнерлер боюнча

УКМКнын Москва райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев базарлардагы абал тууралуу да сөз кылды. Базарлар арасындагы дагы бир тапшырма бар экенин белгиледи. Сөз контейнерлер тууралуу болуп жатат.

«Мамлекетибиздеги бардык базарлардын кожоюндары биз койгон тапшырманын негизинде, мамлекет башчысынын жөнөкөй сатуучуларга шарт түзүп берүү деген тапшырмасынын негизинде ижара акыны түшүрүштү. 20-30 пайыздан 50-60 пайызга чейин түшүрүштү. Ал үчүн аларга ыразычылыгыбызды билдиребиз. Мындан ары базардын ичиндеги, тегерегиндеги тартипти орнотуш керек. Шарттарды, инфраструктураны түзүш керек. Даараткана, дүкөндөн баштап, унаа токтотуучу жайларды, тротуарларды, ичинде басып жүргөн жерлерге шарттарды түзүш керек. Мына ошондо сатуучулар дагы, сатып алуучулар дагы, жөнөкөй адамдардын турмуш-тиричиликтерин дагы оңдоого кандайдыр бир таасирин тийгизет.

Эми дагы бир ташырма бар. Базарлардын арасындагы контейнерлердин кожоюндары менен сүйлөшүү. Ошол эле базарлардын арасында контейнерлер бар экен. Үчтөн-төрттөн, ондон контейнери барлар бар экен. Контейнерлердин баалары өтө кымбат экен. 50-60 миң доллардан баштап, 100-150 миң, 200 миң долларга чейин жеткен контейнерлер бар экен. Мына ошолорду акчасы көп, бай адамдар сатып алып коюшуп, жөнөкөй сатуучуларга 20-30 миң сомдон баштап, 200-300 миң сомго чейин арендага тапшырышат экен. Кээ бирлери 1-1,5 жыл алдын акчаларын топтоп алып коёт экен. Бир жылдын ичинде арендага алган адам пайда табабы-таппайбы, аны менен эч кимдин жумушу жок. Ушул маселелерди чечишибиз керек. Ошондо жөнөкөй адамдарга толук шарттар түзүлөт. Ушул маселеге да көңүл бөлүшүбүз керек», — деди К.Ташиев.

Жаңы имарат бүгүн, 25-декабрда пайдаланууга берилди.

Related posts

Президент «Чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо жөнүндө” жарлыкка кол койду

admin

Криштиану Роналду карьерасын качан жыйынтыктары айтылды

admin

Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтүп жатат

admin

Комментарий