Жакынкы 3 саат аралыгында Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, жакынкы үч саат аралыгында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Урматтуу жарандар! Төмөндөгү эрежелерге көңүл буруңуз:

  • катуу шамал учурунда эшикте сейилдөөнү токтотуп туруңуз;
  • унааңызды имараттын жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;
  • электр чубалгыларынын жанына турбаңыз;
  • көчөдөн көз айнек тагыныңыз;
  • үйдүн эшик-терезелерин жабыңыз.

Related posts

Финляндияда мектепте ок атылып, үч окуучу жаракат алды

admin

Өзгөндө дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Диана Маматкалилова изделүүдө

admin

Көчмөндөр ааламын иликтеген архитектор Ороз Байгожону эскерүү кечеси өттү

admin

Комментарий